<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
.  Dm                     Gm
 Теңир түзгөн үй-бүлөнү башында,
.     A7                          Dm
 Жаратканын даңктап бирге жүрсүн деп.
.                        A7 Dm
 Бала берди белек кылып экөөңө,
.   Gm        A7               Dm
 Кубанычта бейпил өмүр сүрсүн деп.

[V2]
 Күндө каалап үй-бүлөңө ынтымак,
 Кудай берет көктөн төгүп батасын.
 Бузулса деп шайтан тилеп күнү-түн,
 Койбойт деле ортого от жакканын.

[V3]
 Убакыт аз, өмүр канча ким билет,
 Баалап жаша, сүйүп жаша ар мүнөт.
 Бул жашоодо башка түшкөн түйшүгүң,
 Жалгыз ушул жарың бирге көтөрөт.

[V4]
 Бир учурда берген сенин убадаң,
 Бирге өтөм деп жашоо деген кыядан.
 Сүйөм деген сөзүң аткар, о тууган,
 Үй-бүлөңдү бекем сакта, бир тууган.

[V5]
 Терең ойлоп, өзгөрт супсак жашооңду,
 Айта берсең, көйгөй бүтпөйт, чечилбейт.
 Сүйүп жаша, баалап жаша жарыңды,
 Бир жашайсың, экинчи өмүр берилбейт.</lyrics>
<title>Теңир түзгөн үй-бүлөнү башында</title>
<key>Dm</key>
</song>